Эртең, 8-майда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ал эми Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында түндө жаан жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35;
Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +29…+34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11; күндүз +25…+27;
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +15… +17, күндүз +33… +35 градус ысык болот.