Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Аба ырайынын температурасы:
-
Чүй облусу түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31
-
Талас облусу түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29
-
Баткен облусу түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34
-
Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34
-
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28
-
Нарын облусу түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +15…+17, максималдуу температурасы күндүз +28…+30.
Чолпон-Атада жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +12…+14, максималдуу температурасы күндүз +23…+25.










