Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 9-июлдан 11-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
«Бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз түрдө «112» кызматына билдириңиз»,— деп айтылат маалыматта.











