Эртең, 9-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күңдүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +24…+29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15°, күндүз +27…+29° жылуу болот.











