Аба ырайынын бузулушуна байланыштуу ӨКМ айдоочуларга кайрылды

Өлкө синоптиктеринин божомолунда 2-6-февраль күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаап, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

«Алыскы жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпаңыз. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу зарыл»,- дешти.