Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында шектелген эки адамдын күйдүргүгө кабылганы тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.
«Күйдүргүгө шектелген 4 адамдын арасынан 2өөнүн анализи тастыкталды. Пациенттердин учурда абалы жакшы. Керектүү дарылоону алып жатышат. Келерки жума ооруканадан чыгарылып калат. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемеси да тийиштүү иш-чараларын жүргүзүүдө», — деди министрлик.
Кечээ, 14-июлда Кара-Буура районунда 4 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылганы айтылган.