Абдил Сегизбаев залалдуу шишик дартына чалдыгып, операция жасатууга муктаж болууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев залалдуу шишик дартына чалдыгып, операция жасатууга муктаж болууда. Бул тууралуу Абдил Сегизбаевди коргоо боюнча түзүлгөн кыймылдын жетекчиси Адилет Али Мыктыбек билдирди.

«Жубайынын айтымында, Абдил Сегизбаев калкан безинин залалдуу шишик дартына чалдыккан. Дарыгерлер карап көрүп, операция жасатуусу керектигин билдиришкен», — деди Адилет Али Мыктыбек.

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев өткөн жылдын январь айында «Белизгейт» деп атыккан иш боюнча камакка алынган. Май айында коронавирус жуктуруп алып, ооруканага жаткырылган. Сенябрь айында жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркагандыгына байланыштуу СИЗОдон УКМКнын ооруканасына которулган болчу.