Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 25-декабрда ЭТТН боюнча Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү.
Жыйында Адылбек Касымалиев «ЭТТНди жоюуга жол берилбейт, бирок бул процессти жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Тизмени кайра карап чыгуу каралат» деди.
Андан тышкары, өкмөт башчы ишкерлер отчет тапшырууда кездешкен кезек күтүү, электрондук системалардын иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөр сыяктуу көйгөйлөрдү тез арада жоюуну тапшырды.











