Кечээ, 24-январда Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында жыйын өткөрүп, бир катар объектилерге барды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жыйында президенттин тапшырмасына ылайык, быйыл 31-август Эгемендүүлүк күнүн майрамдоодо масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору сунушталды. Бул жылы Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата 30дан ашуун ишкана, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.
Жумуш сапарынын алкагында Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан Жалал-Абад шаарында ишке ашырылып жаткан турак жай комплекстеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
“Асман Резиденс 2” турак жай комплекси 400дөн ашуун батирден турат. Долбоор 2025-жылдын экинчи кварталына карата аяктоосу күтүлүүдө. Ал эми, “Асман Резиденс 1” турак жай комплекси 600дөн ашуун батирден турат. Анын курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында бүтөөрү күтүлүүдө.