Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Ата жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрацияларына 25 унаанын ачкычын тапшырды. Унаалар аталган райондордун айыл өкмөттөрүнө өткөрүп берилет.
Бүгүнкү күндө административдик-аймактык реформанын алкагында республикада 231 айыл аймагы, 33 шаар, анын ичинде 2 республикалык маанидеги жана 14 облустук маанидеги шаарлар түзүлдү.
«Реформанын 1-этабынан кийин жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда дагы бир өзгөчө пилоттук долбоор башталды. Анда министрликтердин жана ведомстволордун бөлүмдөрүн, өкүлчүлүктөрү райондук деңгээлде акимдин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүлүп берилет», — деди ал.
Адылбек Касымалиев аймактардагы шаарларды өнүктүрүүгө бир топ каражаттар бөлүнүп жатканын айтып, Жалал-Абад шаарына 2,2 миллиард сом, Каракол шаарына 2 миллиард сом, Кара-Балта шаарына 1 миллиард сом, Токмок шаарына 1 миллиард сом, Балыкчыга 300 миллион сом, Талас шаарына 300 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.