24-апрелде Тышкы иштер министрлигинде Анталья шаарында өткөн эл аралык математика олимпиадасына окуучуларды коштоп барган Кыргыз жаранынын кармалганына байланыштуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу менен жолугушуу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган окуя боюнча расмий маалымат берүүнү өтүнүп, ошондой эле Вена конвенциясына ылайык мугалимге ыкчам консулдук жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча Тышкы иштер министрлигинин вербалдык нотасы тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан адвокат табууга көмөк көрсөтүлүп, Түркиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу максатында ыкчам консулдук сапар уюштурулду.
Олимпиаданын бардык катышуучуларын коопсуз кайтаруу маселеси көзөмөлдө турат. Жарандардын биринчи тобу Кыргызстанга кайтып келди, калган бөлүгүнүн учуусу жакынкы убакта күтүлүүдө. Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргыз жарандары жана кармалган жарандын жакын туугандары менен тыгыз байланышта болууда.