Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу коомчулукка көчөлөрдүн аталышын туура айтууга чакырды.
Ал президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып Бишкек мэриясы көчөлөрдүн аталышы мамлекеттик тилде жазылышы керектигин эскертүүнү жана тапшырма берүүнү айтты.
«Масалиевадан жолугабыз, Ахунбаевага бара бер, Токтогулада турат деп сүйлөйбүз. Биз ошону туура айтышыбыз керек, урматтуу депутаттар», — деди Тургунбек уулу.