SerepTV Logo

Аида Касымалиева «эмне үчүн?», «мындан ары эмне болот?» деп суроо салгандарга жооп жазды

Аида Касымалиева «эмне үчүн?», «мындан ары эмне болот?» деп суроо салгандарга жооп жазды

"Мен Нью-Йорктогу БУУдагы Кыргызстандын Туруктуу өкүлү катары ишимди аяктап жатам. Бул кызматта дээрлик беш жыл иштедим — 2021-жылдын декабрында дайындалгам". Бул тууралуу Аида Касымалиева соцтармактагы баракчасына жазды. Ал кечээ, 8-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. 

"Достор, жакшы каалоо-тилектерин жазып, «эмне үчүн?», «мындан ары эмне болот?» деп суроо берип жаткандардын баарына рахмат.

Бул беш жыл ушунчалык окуяларга бай өттү, азыр бул кызматка чейинки жашоом алыскы жана чындыкка коошпогондой сезилет. Бул жерде кесипкөй адис катары өстүм, бул жерден досторду таптым, көп жана жакшы иштедим. Эң негизгиси — анын жыйынтыгы бар. Бул жерде кызыбыз жарык дүйнөгө келди. Мен бул жерде жүргөн жылдары жакындарымдын башына айтып бүткүс оор трагедия түштү. Ошондой эле бул жерден мен абдан жакшы көрүп калган Нью-Йоркту жолуктурдум.

Мага ишеним көрсөткөнү үчүн президентибиз Садыр Нургожоевичке ыраазычылык билдиргим келет. 2021-жылдын кышында мага телефон чалып, «баарына карабай, баары бир сени дайындайм» дегенин эстейм. 2020-жылдагы бардык окуялардан кийин анын мындай чечим кабыл алганы мен үчүн күтүүсүз болгон. Бул анын адамдык сапаттары тууралуу жакшы жагынан айтып турат.

Тышкы иштер министрлиги саясий негизде дайындалган кадрларды анча жактыра бербейт. Бирок менин байкоом боюнча, саясий тажрыйба сүйлөшүүлөрдө жана жоопкерчиликти, кээде көз карандысыздыкты талап кылган чечимдерди кабыл алууда чоң жардам берет. Эң негизгиси — тобокелчиликке бара билүү.

Дипломат — бул жөн гана атайын билимдердин алып жүрүүчүсү жана белгилүү бир позицияны жеткирүүчү адам эмес. Ал — сүйлөшүүлөрдүн өзгөрмөлүү талаасында активдүү иш алып барган, консенсуска жетүүгө жана жалпы процесске таасир этүүгө жөндөмдүү катышуучу. Сүйлөшүү, өз ара аракеттенүү — баарынан мурда жакшы нерсеге, тынчтыкка болгон ички туюм жана эрк. Анткени акылдуу сөздөрдүн баарын алып салсак, биздин негизги милдетибиз — согуштарга жол бербөө. Ал эми согуш болуп кеткен болсо, тынчтыкка алып баруучу жолдорду издөө.

Беш жылдын ичинде биз бир катар маанилүү резолюцияларга демилгечи болдук. 2022-жылы Адам укуктары боюнча кеңешке өттүк, БУУнун Коопсуздук Кеңешине өттүк. Көптөгөн иш-чараларды, көргөзмөлөрдү, концерттерди өткөрдүк. Мамлекеттер аралык процесстерге көмөктөштүк, топторду жетектедик, БУУнун ар кандай органдарынын бюролорунда иштедик.

БУУнун Башкы катчысы Кыргызстанга эки жолу келди. Туруктуу өкүлдөр Кыргызстанга үзгүлтүксүз келип турушту. Тоолуу аймактардын күн тартибин алдыга жылдырдык жана 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи дүйнөлүк тоо саммитине даярданып жатабыз.

Бирок биздин эң маанилүү жана тарыхый жетишкендигибиз — БУУнун Коопсуздук Кеңешине өтүү үчүн жүргүзгөн кампаниябыз жана биздин жеңишибиз.

Жакынкы 50 жылда Кыргызстан ал жакка дагы качан бара аларын билбейм. Кудай буюрса, ал жакта дагы көп жолу болобуз деп тилейм.

Командабыз менен коштошуу мага абдан оор болуп жатат. Биз болгону жети адам элек. Мындан тышкары бухгалтерибиз жана бардык жерде жардам берип, иш кагаздарын жүргүзгөн, керек болсо жумушта түнөп калган айдоочубуз бар эле. Жакында кеңсеге кирип, азыр биздин саныбыз канча болуп калганына таң калдым. Анан мурда кандай аз болгонубуз эсиме түштү.

Жалпысынан алганда, кыш, албетте, узак, караңгы жана суук болду. Бирок алдыда туннелдин аягындагы жарык — баарына карабай жеңишке жетүү — көрүнүп турду. Уктоочу бөлмөдө илинип турган календардагы ар бир күндү тегеректеп белгилеп, 3-июнь — добуш берүү күнүнө тезирээк жетсем экен деп күткөнүм эсимде. Медер, Айжан, Календер, Бейшен, Турсун, Данияр, Урмат жана Максат. Ошондой эле практикант Сырга. Биз акыркы эки жыл бою баарыбыз «фронтто» болдук.

Ар бир өлкөгө, ар бир топко, ар бир арал мамлекетке өзүнчө мамиле кылуу, жеке көңүл буруу, идеялар, иш-чаралар, активдүүлүк, дебаттар, демилгелер, процесстерге тартылуу — мунун баары ишеним түзүүгө жардам берди. Дал ошол ишеним добуш берүүдө жеңишке жетишибизди камсыз кылды. Биз бардык жерде көрүнүп, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү эселедик.

Мен интровертмин. Бирок акыркы эки жылда башка өлкөлөрдөн келген кесиптештеримдин бир дагы иш-чарасын калтырган жокмун. Ошол учурда балам менсиз чоңоюп жатты. Азыр да уйкусуздуктан кыйналам жана башка нерселер да бар. Филиппиндер менен атаандашуу, эч ким биздин жеңишке ишенбеген шартта, болгону жети дипломат менен иш алып баруу — укмуштуудай оор болду.

Өз өлкөмө ишеним көрсөтүп, колдоо билдирген кесиптеш-элчилердин баарына ыраазымын. Мен биздин жетишкендигибиз менен жана бардык кыйынчылыктарга туруштук берген командам менен абдан сыймыктанам. Алар жаркын, мекенчил, акылдуу жана идеяга бекем адамдар болушту. Сүйүктүү өлкөбүзгө Коопсуздук Кеңешиндеги алдыдагы эки жылда жаркын жана жемиштүү иш каалайм. Буга эч кандай күмөнүм жок. Кагаздарды жана сүрөттөрдү иреттеп жатып, кампаниянын ар бир күнүн, ар бир майда-чүйдөсүнө чейин кайра эстедим. Бирок бул тууралуу кийинчерээк. Отурдум да баарын жазып чыгышым керек — дипломаттар, студенттер үчүн жана тарых үчүн. Бул пайдалуу да, кызыктуу да болот деп ишенем", - деп жазылат билдирүүдө.

SEREP MEDIA