10-декабрда Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасы Филемон Янг менен жолугушуу өткөрдү.
Анда Аида Касымалиева төрагага тоо күн тартибин жана тоо экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча Кыргызстандын демилгелери менен тааныштырды. Жолугушууда Кыргызстан тарабынан 23-октябрды Ак илбирстин эл аралык күнү деп жарыялоо демилгесине өзгөчө көнүл бурулду. Ошондой эле ушул маселеге байланыштуу резолюциянын кабыл алынышы 2024-жылдын 12-декабрына пландалып жатканын баса белгиленди.
Төрага Филемон Янг туруктуу тоо тартибин өнүктүрүүгө жана жаратылыш менен гармонияда болууга багытталган кыргыз демилгелерин колдой турганын билдирди.