Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын кызы шахмат боюнча Борбор Азиянын 5 мамлекетинин арасында өткөн чемпиондугунда 3-орун алды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
«Сүйүнчү туугандар! Алика бүгүн чоң эл аралык жеңишке ээ болду! Борбор Азиянын 5 мамлекетинин арасында өткөн чемпионатында 3-орун алды. Жыл өткөн сайын машыктыруучулардын дагы саны көбөйүп жатат. Жалпысынан Кыргызстан бул турнирде 2 алтын, 4 коло медалга ээ болду»,- деп жазды ал.












