«Бишкек-Ош унаа жолундагы туннелдин ичинде жарык берүүчү чырактарды орнотуу иши жүрүп жаткандыгына байланыштуу, унаалар үчүн маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилип турат. Урматтуу жарандар жана айдоочулар, оңдоп-түзөө иштерин түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз», — деп билдиришет ӨКМнын басма сөз кызматынан.
Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...











