Шаршемби, 25.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү тапшырылды

14:42 04.08.2025
0
Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин сезилээрлик деңгээлде жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында жаңы чакырык башталганын билдирди.

Демилгенин максаты ашыкча бюрократиялык процедураларды жоюу жана айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин толугу менен онлайн-форматка өткөрүү, бул жарандардын убактысын үнөмдөөгө жана мамлекеттик кызматтарды тез жана ыңгайлуу алууга мүмкүндүк берет.

«Биз ар бир айдоочуну түйшөлткөн көйгөй болгон айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды чечүүнү көздөп жатабыз. Бул көйгөйгө дээрлик ар бир жаран туш болуп, ал күнүмдүк жашоого таасирин тийгизет», — деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы азыркы система жарандардын мамлекеттик органдарга бир нече жолу келип, көпкө кезек күтүүсүн талап кылып жатканын белгиледи.

“Учурда айдоочунун күбөлүгүн алмаштыруу үчүн жаран кеминде эки жолу мамлекеттик органга барып, сааттап кезекке турууга аргасыз болууда. Алгач кагаз жүзүндө арыз берүүгө бир жарым саатка чейин убакыт коротот, андан кийин башка күнү даяр сертификатты алганы келет. Бул процесстин жалпы күбөлүктү чыгарууга кеткен убакыт, кеминде 4 жумушчу күндү түзөт, 21-кылымда мындай процесс болбошу керек. Маселен, 5 түрдүү кагаз документти чогултуу, бир мекеменин ичиндеги бир нече иш бөлмөгө баруу – бул убакытты жана каражатты гана талап кылбастан, жарандарга негизсиз ыңгайсыздыктарды жаратат”, — деп белгиледи МинКаб төрагасы.

Ал жаралып жаткан маселени көрсөткөн статистикалык маалыматтарды келтирди. “2024-жылы 124 520 улуттук айдоочулук күбөлүк берилген болсо, анын 54 481  алмаштыруу жолу менен берилген. 2025-жылдын биринчи 6 айында 85 816 күбөлүк берилген, анын 47 253 алмаштыруу жолу менен берилген. Бул цифралар суроо-талаптын жогору экендигин жана процессти тез арада жөнөкөйлөштүрүү зарылдыгын көрсөтүп турат”, — Министрлер кабинетинин төрагасы.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, көйгөйдүн тамыры айрым мамлекеттик кызматтардын бытырандылыгында, онлайн кайрылуу жана төлөм мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугунда, кагаз жүзүндө документ жүгүртүү басымдуулук кылып жатат.

«Биз процессти толугу менен онлайн форматка өткөрүшүбүз керек. Арыз берүү, керектүү документтерди жүктөө, төлөм жүргүзүү жана даяр сертификатты алуу “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлүшү керек”, — деди ал.

“Бул иш-чаралардын ишке ашырылышы жарандарга айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процедурасын үйдөн чыкпастан 5-10 мүнөттүн ичинде бүтүрүүгө мүмкүндүк берет. Реформанын натыйжасында жарандардын убактысын олуттуу үнөмдөөгө жетишилет, мамлекеттик органдардын ишинин эффективдүүлүгү жогорулайт, өкмөткө болгон ишеним дагы бекемдейт”, — деп жыйынтыктаган Министрлер кабинетинин төрагасы бул иш-чараларды ишке ашыруу 100 күндүн ичинде аякташы керектигин эскертти.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:58 25.03.2026
0

"Айт арапасында Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келген күнү элчиликте «Сыймык келе жатат, эртең Варшавага өтуп кетет экен» деп жарыялап калышты. «Сыймык келсе,...

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:10 24.03.2026
1

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында «Дордой» базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо...

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:28 24.03.2026
0

Бүгүн, 24-мартта Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты...

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:05 24.03.2026
1

Ушул жылдын апрель айында Арашан – Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат. Бүгүнкү күндө жолдун 0-22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин...

1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:02 24.03.2026
0

Кыргызстанда 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эртең мененки жана кечки жогорку...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү