Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айдоочулук күбөлүктү алууда милдеттүү талап болгон «083» медициналык справкасын алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгиледи. Учурда бул процесс бир топ убакытты алат жана эмканадагы 8 адис дарыгерге кайрылуусун талап кылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
«Бул процесс 7 күнгө чейин созулуп, жарандарга да, мамлекеттик органдарга да ыңгайсыздык жаратат. Кагаз түрүндө берилип, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилген күбөлүктөрдү жасалмалоо коркунучу бар. 2024-жылы өлкө боюнча 175 миңге жакын жаран «083» күбөлүккө ээ болгон», — деп белгиледи жетекчи.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн МинКаб башчысы Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке атайын санариптик модулдарды жана кызматтарды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү, ошондой эле бул системалардын интеграциясын камсыздоону тапшырды.
«Медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин маалымкат автоматтык түрдө Агенттиктин маалымат базасына жөнөтүлүшү керек, бул аны кагаз түрүндө берүү зарылдыгын жокко чыгарат», — деп баса белгиледи төрага.
Бул милдеттердин аткарылышын координациялоо жана контролдоо президенттин администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлдү. «Жыйынтыктарды 100 күндүн ичинде чыгаруу пландалууда», — деди ал.









