SerepTV Logo

Айгүл Жапарова: "Аба ырайынын шартына карабастан, Кырчында маанай өзгөчө сонун"

Айгүл Жапарова: "Аба ырайынын шартына карабастан, Кырчында маанай өзгөчө сонун"
"Кырчын жайлоосундагы "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасын кыдырып, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен тааныштык. Өзгөчө салттуу кол өнөрчүлүктү сактап, аны жаңы эмгектер менен улантып келе жаткан чеберлерибиздин аракети кубандырды. Мындай жарманкелер, алардын эмгеги чет элдик коноктордун кызыгуусун арттырууда". Бул тууралуу биринчи айым Айгүл Жапарова соцтармактагы баракчасына жазды.

"Аба ырайынын шарттарына карабастан, Кырчын жайлоосундагы бүгүнкү маанай да өзгөчө сонун. Бул жерде улуттук маданиятыбыз, көк бөрү, ат оюндары, улуттук каада-салттар жана дүйнөнүн төрт бурчунан келген коноктордун кызыгуусу айкалышып, чыныгы майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Көчмөндөр оюндарына катышып жаткан бардык спортчуларга ийгилик каалайм! Кырчындан башталган бул керемет маанай дүйнөгө кыргыздын кең пейилин, бай маданиятын жана улуу көчмөн рухун дагы бир ирет тааныта берсин", - деп жазылат билдирүүдө.
SEREP MEDIA