Жума, 17.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Айгүл Жапарова: «Кыргызстанда балдардын семирүүсүн алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат»

11:26 11.05.2023
0
Айгүл Жапарова: «Кыргызстанда балдардын семирүүсүн алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат»

Биринчи айым Айгүл Жапарова Загреб шаарында (Хорватия) Европа мамлекеттеринин башчыларынын жубайларынын жана жолдошторунун Саммитинин ишине жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында балдардын семирүүсүн алдын алуу тармагын түзүүгө катышты.

Биринчи айым өз сөзүндө бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында балдардын семирүүсүн алдын алуу тармагын түзүү максаты жакшы кабыл алууга жана колдоого татыктуу экенин баса белгиледи. Айгүл Жапарова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда балдар арасында семирүү маселеси курч экенин билдирди.

«Кыргызстанда балдардын семирүүсүн алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат: алты айдан кем эмес эмчек эмизүү, калк арасында сергек жашоо образын жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруу, башталгыч класстарда жакшыртылган тамактанууну уюштуруу боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруу. Балдардын семиздиги боюнча маселелерди чечүүдө өлкөлөр ортосунда алдыңкы тажрыйбаны алмашуу өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү Саммиттин чоң ролу так ушунда камтылган», — деди ал.

Биринчи айым балдар арасындагы семирүүнүн тез жана кеңири жайылышына туура эмес тамактануу, гаджеттерди ашыкча колдонуу жана аз кыймылдуу жашоо образы өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Ушундай эле абал көптөгөн өлкөлөрдө байкалып, бардыгын бул багытта биргелешип иштөөгө милдеттендирет. Семиз бала ийгиликтүү жана сапаттуу жашоого тоскоол болгон ар кандай ооруларга кабылышы мүмкүн.

«Бул өз кезегинде баланын эле эмес, үй-бүлөнүн, мамлекеттин да чоң көйгөйү. Дени сак бала — ийгиликтүү адам, бактылуу үй-бүлө, күчтүү мамлекет. Ошондуктан, албетте, балдар үчүн ийгиликтүү жана сапаттуу жашоону түзүү үчүн балдардын семирүүсүнүн алдын алуу боюнча сиздер менен биргеликте жүргүзгөн ишибиз өзгөчө мааниге ээ», — деп кошумчалады Айгүл Жапарова.

Биринчи айым бул саммит балдар арасындагы семирүүнүн алдын алуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу аянтчасы катары, албетте, оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди. Ал кыргыз элинин “Манжа башка – билек бир, жүрөк башка – тилек бир” деген накыл сөзүн келтирип, Саммиттин катышуучулары ар кайсы өлкөлөрдөн келгенин, бирок бардыгын абдан маанилүү бир көйгөй бириктирип турганын белгиледи. Бул — балдардын ден соолугу.

“Кыргыз Республикасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында балдардын семирүүсүн алдын алуу тармагын түзүү боюнча Загреб декларациясынын кабыл алынышын колдойт. Мен эне жана чоң эне катары балдардын ден соолугун чыңдоого багытталган бардык демилгелерди жана иш-чараларды колдойм”, — деп Айгүл Жапарова сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чарага Армениянын премьер-министринин жубайы Анна Акопян, Албаниянын премьер-министринин жубайы Линда Рама, Болгариянын президентинин жубайы Десислава Радева, Венгриянын президентинин жолдошу Иштван Аттила Вереш, Испаниянын ханышасы Летиция, Латвиянын президентинин жубайы Андре Левите, Мальтанын премьер-министринин жубайы Лидия Абела, Түндүк Македониянын президентинин жубайы Элизабета Гёогиевская, Сербиянын президентинин жубайы Тамара Вучич, Словениянын президентинин жолдошу Алеш Мусар катышты. Германия, Литва, Түндүк Македония, Израиль, Ирландия, Түркия президенттеринин жубайлары да өз өлкөлөрүндө балдардын семирүүсүн алдын алуу темасында Саммиттин катышуучуларына видео кайрылуу жасашты.

 

1 / 8
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 17.04.2026
0

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
0

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

09:40 17.04.2026
Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

10:21 17.04.2026
91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

10:46 17.04.2026
Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

16:38 17.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

11:24 17.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү