Айгүл Жапарова Таласка барып, саан уйларды байларга бергенби? Дайырбек Орунбековдун жообу

Биринчи айым Айгүл Жапарова 21-23-май күндөрү Талас облусунда жашаган көп балалуу төрт үй-бүлөгө барган. Ар бир үй-бүлөгө барып жардам көрсөтүү максатында демөөрчүлөр тарабынан бирден саан уй тапшырылган.

Президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасында Айгүл Жапарованын дарегине туура эмес, жалган маалыматтар айтылып жатканын жазды. «Таласка келип саан уйларды тараткан, аны жакыр жашагандарга эмес, байларга бериптир» дешүүдө. Бул тууралуу тактоо киргизип коёлу, саан уйларды Айгүл Жапарова эмес, ошол аймактагы колунда бар адамдар тарабынан колунда жок, жакыр жашаган адамдарга берилгенин билдиребиз.

Биринчи айым Айгүл Жапарова фонд тарабынан аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай жардам берген», — деп жазды ал.