Биринчи айым Айгүл Жапарова 21-23-май күндөрү Талас облусунун Айтматов районунда жашаган көп балалуу төрт үй-бүлөгө барды, алардын биринде майыптыгы бар бала тарбияланат.
Көп балалуу ата-энелер менен болгон баарлашууда Айгүл Жапарова алардын социалдык абалы, муктаждыктары менен таанышты, ошондой эле көп балалуу энелер жана майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөр кабылган кыйынчылыктар туурасында кабар алган. Биринчи айым оор турмуш шарттарына карабастан, бул үй-бүлөлөрдөгү балдар сүйүүгө жана камкордукка бөлөнүп, тарбияланып жатканын кубануу менен белгиледи. Айгүл Жапарова балдарга жана алардын ата-энелерине чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.
Ар бир үй-бүлөгө барып жардам көрсөтүү максатында демөөрчүлөр тарабынан бирден саан уй тапшырылды. Айгүл Жапарова Айтматов районунун жети айылында өзүнүн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жакында ачылган аялдар үчүн йога студияларында болду. Йога студияларынын ачылышы үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен аялдардын ден соолугун чыңдап, толук кандуу алектениши үчүн бардык керектүү нерселер сатып алынган.
Ошондой эле, биринчи айым Айгүл Жапарова Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.