Бүгүн, 23-декабрда Транспорт жана жолдор министрлигинин имаратынын алдына кызматкерлер митингге чыгышты. Алар эмгек акысын төлөп берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу видеотасмалар социалдык тармактарга жарыяланды.
Митингге чыккандардын айтымында, алар бир нече айдан бери эмгек акысын толук ала элек.
«Бизге 2019-жылдан бери эле айлыгыбызды күттүрүп, убагында бербей башташкан. Соңку 5 айдын маянасы пандемиядан улам акча каражаты жок болуп жатат деп толук бериле элек. Ооздорун жаба турушсун деп, бир жарым миң-эки миң сомдон берип коюшат. Биз да үй-бүлөбүздү багышыбыз керек. Майрамга да аз калды», — дешти нааразы болгондор.
Министрликтен өкүл чыгып, митингге чыккандардын суроосуна жооп берди.
Видеодо анын «Бул маселе бүгүн-эртең чечилет. Жаңы жылдан кийин айлык акы толугу менен убагында төлөнүп турат» дегенин угууга болот.
Буга чейин «кызыл зонада» иштеген дарыгерлер маянабызды ала албай жатабыз деп, Саламаттыкты сактоо министрлигине келип митиинг өткөрүшкөн эле.