Аймактарда бир тонна көмүрдүн баасы январь айында кескин кымбаттаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 18 калк жашоочу аймактарда сурамжылоо жүргүзүп, билгендерин кабарлашты.
Маалыматка караганда, учурда бир тонна көмүрдүн баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу орто эсеп менен 74,25 сомго же 1,6 пайызга жогорулаган.
Анын ичинде бир айда кескин түрдө кымбаттаган аймактар дагы бар.
Мисалы, мурунку айга салыштырмалуу Исфанада 1 385 сомго, Кербенде 917 сомго жана Баткенде 330 сомго кымбаттаган. Ал эми Борбор калаада баа 38 сомго жогорулаган.
Ошону менен кымбаттаган, Исфана шаарында кара алтындын бир тоннасы учурда 8 000, Баткен калаасында 7 318, Ноокат районунда 7 846 сомдон сатылууда.
Ал эми Улуттук статистикалык комитетинин жүргүзгөн сурамжылоосунун негизинде эң арзан көмүрдү Балыкчы (3 694 сом), Нарын (3 500) шаарларынын жана Чаек айылынын (2 500) тургундары алышаары билинген.












