Айт күнү такси кызматынын айдоочулары жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп алууларына жол берилбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери автобекеттерден Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Талас жана башка аймактарга каттаган такси айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Айрым айдоочулар майрам күндөрү шаардан айылдарга каттаган жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн пайдаланып, өз алдынча жол кире акыларын көтөрүп алышы мүмкүн, ошол сепептүү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы андай фактыларга жол бербөө үчүн, айдоочуларга азыртан түшүндүрүү жана эскертүү иштерин өткөрүшүүдө.
Эгерде жүргүнчүлөр көп болуп маршруттук унаалар жетишпесе, ЖКККББ тарабынан кошумча маршруттар каттамга киргизилет. Учурда автобекетте унаалар жетиштүү жана баары көзөмөлдө.