Айыл чарба министрлиги картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Акыркы айларда Кыргызстанда картошка кескин кымбаттаган. Учурда базардагы баасы 60-70 сомдун тегерегинде. Адистер буга түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышын жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат. Буга чейин мындай тартыштык коңшу өлкөлөрдө да болгон. Жакынкы күндөрү Өзбекстанда картошканын баасы 80 сомго чыкса, Казакстанда бир кишиге 5 килограмга чейин гана сатып алууга чектөөлөр коюлганы айтылган.