Кечээ, 4-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен Ак-Буура дарыясынын жээгине рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Рейддин жүрүшүндө калаа башчысы дарыянын эки жээгин комплекстүү өнүктүрүү боюнча маанилүү тапшырмаларды берди. Анын алкагында 7 чакырым веложол жана тротуар куруу, ошондой эле 10 гектардан ашуун аймакты көрктөндүрүп, жашылдандырып, заманбап парк жана скверлерди куруу боюнча тапшырмаларды берди. Аталган долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга, айлана-чөйрөнүн көркүн арттырууга жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.











