Ак илбирс Кеминдеги айылга кирип, бактардын бирине чыгып кеткен.
Кемин районунун Боролдой айылында Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү жырткыч — ак илбирс (кар барсы) байкалган. Окуя 29-декабрда кечки саат 23:20 чамасында катталган. Аны егерь менен аңчы коопсуз шартта бактан түшүрүшкөн.











