Abank_june
SerepTV Logo

Ак-Талаада сел жүрүп, бир катар турак жайларга жана инфраструктуралык объектилерге зыян келтирилди

Ак-Талаада сел жүрүп, бир катар турак жайларга жана инфраструктуралык объектилерге зыян келтирилди
20-июнда Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, бир катар турак жайларга жана инфраструктуралык объектилерге зыян келтирген.

Кырсыктын кесепеттерин жеринде көрүү жана жабыр тарткан жарандардын көйгөйлөрү менен таанышуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов жеринде болуп, тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жаңы-Тилек айылында сел суулары каптаган турак жайлардын ээлери менен жолугушуу учурунда сел калдыктары топтолгон каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлөрүн, ошондой эле жергиликтүү тургундардын өтүнүчү боюнча коргоо курулмаларын куруу маселеси тиешелүү инженердик адистердин корутундусунун негизинде чечилерин түшүндүрдү. Мындан сырткары, Ак-Чий айылынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан 6 турак жайды коргоо боюнча иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чаралар планына 2026-жылга кошумча киргизүү боюнча сунуштарды берди. Ошондой эле Мыкаачы суусунун нугунда топтолгон сел калдыктарын жана бак-дарактарды тазалоо боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Учурда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте Ак-Чий айылында кырдаалга байланыштуу кеңешме өткөрүү иштери уюштурулууда.