Бүгүн, 7-августта Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында, Миң-Чынар айылында “Ак-Турпак Групп” күрүчтү кайра иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
Ишкана 0,15 гектар аянтта жайгашкан. Объектинин курулушу “Бүткүл Дүйнөлүк Банк” тарабынан, АРИС уюмунун колдоосу, “Аймактык экономикалык өнүктүрүү-2” долбоорунун жеңилдетилген насыясы аркылуу каржыланган. Ишкана саатына 1,2 тонна күрүчтү тазалайт. Материалдык-техникалык базасында күрүчтү оруучу 1 комбайн, 2 трактор, 2 портер жана 2 таңгактоочу станок, 1 күрүчтү тазалоочу станок (риса рушка) бар. Ак-Турпак, Молдо Нияз айыл аймактарында жыл сайын 3200 гектар жер аянтынан 12,2 тоннага га жакын күрүч өндүрүлөт. Ал эми мындан ары ишкана тарабынан күрүчтү таңгактап, экспортко чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.