Кыргыз Республикасынын 2000-жылы туулган жараны Америка Кошмо Штаттарынын аймагында дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жоголгон жарандын туугандарынын кайрылуусу келип түшкөндөн баштап, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги анын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам тартипте иш алып бара баштаган. Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен ошондой эле Виржиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен активдүү өз ара аракеттешүү жүргүзүлүүдө. Элчилик жарандын туугандары менен туруктуу байланышта болуп, бардык зарыл чараларды көрүү иштерин улантууда.
Жергиликтүү ЖМКлар анын 1 айдан бери дайынсыз болуп жатканын жазышты.