АКШда киши колдуу болгон үй-бүлөнүн сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1980-жылы туулган М.А., анын жубайы 1977-жылы туулган А.Б. жана алардын 2019-жылы туулган баласынын жансыз денеси Кыргызстанга жеткирилген.
«Чикагодогу Кыргызстандын Башкы консулдугу жакын туугандары жана АКШнын жергиликтүү бийлик органдары менен дайыма байланышта. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан окуянын чоо-жайы айтыла элек»,- дешти.
АКШда кыргызстандык жубайлар баласы менен киши колдуу болгон. Тышкы иштер министрлигинен Кыргыз жарандары: 1980-жылы туулган М.А., анын 1977-жылы туулган жубайы А.Б. жана алардын 2019-жылы туулган уулу М.А.нын жансыз денелери табылганын маалымдашкан.
GoFundMe краудфандинг платформасынын сайтында маркумдар тууралуу маалымат жарыяланып, алардын сөөгүн мекенге жеткирүү үчүн акча чогултулуп жатканын билдиришкен.