Журнал Каракол шаарынын артыкчылыктарын, кайсы мезгилде эмне кылса болоорун жазды. «Жайкы мезгил — июнь-сентябрь айлары трекинг жана экскурсия үчүн идеалдуу. Ал эми кыш мезгили карлуу аба ырайы менен кубандырат. Лыжа базасы чыныгы саякат борбору», — деп жазылат маалыматта.
Тянь-Шань тоолорунда жана Ысык-Көл көлдө жөө басуу, атка минүү, кайыкка түшүү, парапланда учуу менен адреналин кампасын толтурсаңыз болот деп сунуштайт Condé Nast Traveler журналы.
«Каракол лыжа базасы Борбор Азиядагы эң бийик лыжа базасы болуп саналат, бийиктиги 1,8 миль. Каракол — көп улуттуу шаар. Бул жерде кыргыз, уйгур, өзбек, калмак, дунган жана орустар бирге жашашат. Шаардын символдорунун бири — 1907-жылы курулган Дунган мечити. Кооз жыгач үйлөрү жана ашлян-фу тамагы саякатчыларды суктандырат»,- деп жазат басылма.
Басылма Кыргызстанга келгендерге боз үйлөрдө жашап, көчмөн маданияты менен таанышып көрүүнү сунуштады.