Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини боюнча Ош башкармалыгына караштуу «Кара-Суу Темир Жолу» карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөө пунктунда, башкармалыктын адистери нөөмөт учурунда жүргүзгөн көзөмөлдөө ишинин жүрүшүндө Америка Кошмо Штаттарынан импорттолгон, жүк жөнөтүүчү уюм — NPO Mercy Corps тарабынан алып келинген, жалпы салмагы 18 тонна болгон күрүч өндүрүмү толугу менен жараксыз экени аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Натыйжада, Кыргызстандын карантин мыйзамдарынын талаптарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык, өлкө аймагына фитосанитардык кооптуу продукциялардын ташылып киришин алдын алуу боюнча көзөмөлдү камсыз кылуу максатында, аталган жүк тиешелүү адистер тарабынан Ош шаардык таштанды таштоочу жайында жок кылынды.
Бул процесске Ош бажы кызматы, “Mercy Corps International” уюмунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгү, Санитардык эпидемиологиялык кызматы, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, Экология кызматы жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини боюнча Ош башкармалыгынын кызматкерлери катышты.