Аксыда 30-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.
«20-январда саат 14:00 чамасында Өзбекстандын Кызыл-Рават айылы аркылуу өткөн Нарын дарыясынын жээгинен өспүрүмдүн жансыз денеси табылганын коңшу өлкөдөн билдиришкен. Жансыз денени маркумдун жакындары таанып, чек арадан өткөрүп берилген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, 16 жаштагы өспүрүм кечээ жерге берилген.
Жергиликтүү ЖМКлар Аксыда эки өспүрүм дос бала дайынсыз болуп жатканын жазышкан. Алардын жакындары милицияга кайрылып, өспүрүмдөр сыртка чыккан бойдон кайрылып барбагынын айтышып, 1-январда арыз жазышкан.