Ошондуктан азырынча жергиликтүү ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланууда. Ал эми калган эки жараныбыздын абалы канааттандырарлык жана дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгарылат.
«Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган жарандарыбызга өзгөчө көңүл буруу жөнүндөгү тапшырмасынын аткарылышы боюнча президентке маалымат берүү учурунда билдидирди», — деп жазылат маалыматта.












