Кыргыз театр жана кино өнөрү чоң жоготууга учурады. Актёр Руслан Курманалиев каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кесиптештери билдиришти.
Маалыматка караганда, ал бүгүн, 23-августта үйүндө ток уруп көз жумган.
«Ал сахнада да, экранда да жаратканы менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырган, искусствого болгон чексиз берилгендиги менен кесиптештеринин урмат-сыйына татыган таланттуу актёр эле. Театр менен кино үчүн анын эмгеги эч качан унутулбайт», — деп эскерди Ысык-Көл театрынын эмгек жамааты.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги актёрдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.












