Abank july
SerepTV Logo

Актёр Руслан Курманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Актёр Руслан Курманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт
Актёр Руслан Курманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 25-августта саат 9:00дө өтөт. Маркумду узатуу өз үйүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынан маалымдашты.
Дареги: Бишкек шаары, Ак Ордо конушу, Акыл-Карачач көчөсү, 6-үй. Актёр Руслан Курманалиев 23-августта каза болду. Ал 53 жашта болчу.
SEREP MEDIA