Кечээ, 6-август күнү актриса Калипа Таштанованын апасы Атыркүл Үсөнова 68 жашында оорудан улам каза болду. Бул тууралуу актрисанын жакындары билдиришти.
Маркумдун сөөгү эртең, 8-августта Чүй облусуна караштуу Предтеченка айылында коюлат.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Калипа Таштанованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.











