Буга чейин социалдык тармактарда иш-чарада эркек кишинин алып баруучуларды микрофон менен чаап жиберген видеосу тараган. Видео тараган күнү милиция тарабынан жаран кармалган. Бишкек ШИИБ маалымат таратып, окуя 22-декабрь күнү борбордогу ресторандардын биринде болгонун билдирди.
«Арыз жазган адам мас абалындагы киши коомдук тартипти жана жалпыга тиешелүү жүрүм-турум нормаларын бузуп, иш-чаранын алып баруучуларынын колунан микрофонду алып, атайылап жана себепсиз кол көтөрүп, эскертүүлөрдү кабыл албай, ресторандын коопсуздук кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, микрофонду жерге чаап бузуп салганын, жыйынтыгында 48 миң сом материалдык зыян келтиргенин билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 280-бөлүгү (бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен байланышкан бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен түзүлгөн протоколдун негизинде, 25-декабрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен кармалган жаран 5 суткага камакка алынган»,— дешкен милициядан.
Алып баруучу Чыңгыз Рыскелдиев соцтармактагы баракчасында пост жазып, окуя тууралуу үн катты.
«Биздин айланабызда болуп өткөн окуя коомубуздагы дагы бир кемчиликтин оркоюп чыгышына себеп болду окшойт. Демек биз агартуу иштерин дагы да активдүү жүргүзүшүбүз керек экен. «Муштум менен бүт маселени чечем» деген түшүнүк дагы деле үстөмдүгүн жүргүзүп келет экен. Мындай болбойт! Билим менен тарбияга көбүрөөк көңүл буруп, ыйман менен абийирдин тазалыгына маани берели. Ар бирибиз ушуга салым кошолу.
«Мастан жинди качып кутулуптур» дейт. Ал адамдын акыбалын көрүп туруп жөн эле коёюн дегем, бирок ага да болбой калды. Менин ордумда кайсы алып баруучу жигит болсо деле ушул кадамга бармак. Ал жигит азыр мыйзам чегинде өзүнүн жазасын алып жатат. Негизи эле, кордоого эмес колдоого баш бурсак өлкөбүз жай турмушта күн кечирет беле дейм. Коомго бүлүк салгандан көрө колубуздан келген ишти иштеп өлкөбүзгө салым кошо берели»,- деп жазды ал.