Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Финляндиянын укук үстөмдүгү борборунда өткөн эл аралык семинарга катышты.
Хельсинкиде өткөн семинарда Борбор Азия жана Финляндия өлкөлөрүнүн акыйкатчылары адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында тажрыйба алмашышты.
Ошондой эле, тараптар Борбор Азия жана Финляндия өлкөлөрүнүн акыйкатчылар арасындагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн макулдашты. Жамиля Жаманбаева семинар учурунда сөз сүйлөп жатып, бул платформа адам укуктары жана эркиндиктери маселелери боюнча Борбордук Азия жана Финляндия өлкөлөрүнүн акыйкатчыларынын ортосундагы өз ара көз караштар менен тажрыйба алмашууда эң жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
Андан сырткары, Борбор Азиянын Акыйкатчылары Хельсинкидеги абакка барып, соттолгондорду кармоо шарттары менен таанышып чыгышты. Белгилей кетсек, бул абак дээрлик бир кылым мурда курулган.
Жайыл райондук милиция кызматкерлери сууга түшүп кеткен унаадан баланы жана анын атасын куткарышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 18-июлга караган...
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чыгыш-5 кичи районунда көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү...
Эртең, 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад...
Милициянын кенже лейтенанты көлгө чөгүп жаткан жаш өспүрүмдөрдү куткарып калды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Жети-Өгүз РИИБдин кызматкери, милициянын аймактык...