Бейшемби, 26.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Акын, коомдук ишмер Сонунбү Кадырова 59 жаш курагында каза болду

13:35 14.08.2025
0
Акын, коомдук ишмер Сонунбү Кадырова 59 жаш курагында каза болду

Кыргыз маданияты жана журналистикасы дагы бир таланттуу калемгеринен, чыгармачыл инсанынан айрылды. Журналист, аткаруучу, акын, коомдук ишмер Сонунбү Кадырова 59 жаш курагында акка моюн сунду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Кадырова Сонунбү Эргешовна 1966-жылдын 8-февралында Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач педагогикалык билим алып, 1981-1985-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүн бүтүргөн. Андан соң журналистика тармагына кадам таштап, 1997-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1985-1988-жылдары мектепте мугалим болуп баштаган. Бирок өмүрүнүн негизги бөлүгүн тележурналистикага арнап, коомчулукка таанылган чыгармачыл теледолбоорлорду ишке ашырды. 1997-жылдан ушул күнгө чейин Улуттук телерадиокорпорацияда редакторлук кызматты аркалап, көптөгөн ири телеберүүлөрдү көрүүчүлөргө тартуулады.

Эмгеги мамлекет жана мекемелер тарабынан жогору бааланды:
Билим, илим жана маданият департаментинин “Ардак грамотасы”;
УТРКнын 50 жылдык мааракесине карата “Ардак грамота”;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”;
“УТРКнын мыктысы” төш белгиси;

“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

Сонунбү Кадырова “Алтын тизме”, “Замандаш”, “Айыл ажары” сыяктуу телеберүүлөрдү элдин сүймөнчүлүгүнө айландырды. 2019-жылдан тартып “Абаз” теледолбоору аркылуу чыныгы таланттарды элге таанытып, жаштардын чыгармачылык жолуна багыт берди. 2023-жылдан тартып өлкөнүн 18 районун кыдырып, “Ыр кесе” берүүсүн кайрадан жандандырып, элибиздин руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү ишке ашышына салым кошту.

Сонунбү Эргешовна — Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Сонун дүйнө”, “Сүйүнчү”, “Бар болуңуз” аттуу китептердин автору. Коомдук иштерге да активдүү катышып, 2005-2015-жылдары “Алтын тизме” коомдук фондунун төрайымы, 2018-жылдан бери “Энелер жолу” коомдук бирикмесинин президенти болуп иш алып барган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Сонунбү Кадырованын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:58 25.03.2026
0

"Айт арапасында Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келген күнү элчиликте «Сыймык келе жатат, эртең Варшавага өтуп кетет экен» деп жарыялап калышты. «Сыймык келсе,...

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:10 24.03.2026
1

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында «Дордой» базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо...

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:28 24.03.2026
0

Бүгүн, 24-мартта Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты...

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:05 24.03.2026
1

Ушул жылдын апрель айында Арашан – Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат. Бүгүнкү күндө жолдун 0-22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин...

1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:02 24.03.2026
0

Кыргызстанда 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эртең мененки жана кечки жогорку...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү