Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 681 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 327, Ошто — 8, Чүйдө — 104, Ош облусунда — 18, Таласта — 20, Нарында — 11, Ысык-Көлдө — 65, Жалал-Абадда — 82, Баткенде — 46 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 168 миң 415 адамга жетти.
Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Бишкекте алты, Чүйдө бир, Ысык-Көлдө эки өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 389 адамды түздү.