Abank_nov
SerepTV Logo

"Ала-Арчада" 14 жаштагы өспүрүмдүн издөө-куткаруу иштеринин хронологиясы

"Ала-Арчада" 14 жаштагы өспүрүмдүн издөө-куткаруу иштеринин хронологиясы
 
7-ноябрда саат 19:02дө 112 кызматына 2011-жылы туулган жарандан чалуу түшүп, ал Адыгене чокусунан түшүп келе жатып жолдон адашып калганын билдирген.

Диспетчер жаран менен сүйлөшүп, маалыматты кабыл алган соң, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун (ГЦПС) ыкчам нөөмөтчүсүнө өткөрүп берген. Маалымат түшкөндөн кийин ыкчам нөөмөтчү жаран менен байланышып, анын жайгашкан жерин тактаган. Алынган маалыматтарга ылайык, жаран Электро чокусунун аймагында экени аныкталган. Бул учурда нөөмөттө турган «Эдельвейс» куткаруучулар тобу Рацека алачыгынын аймагында болуп, башка жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Саат 22:00дө Рацека алачыгынын аймагында жүргөн куткаруучуларга жарандын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат жеткен. Буга чейин тоолуу аймакта байланыш сигналы жок болгондуктан, куткаруучулар тобу менен байланышып, маалыматты жеткирүү мүмкүн болгон эмес. Рацека алачыгынын аймагынан ылдый түшүү болжол менен эки саатка созулгандыктан, издөө иштерин баштоо үчүн тиешелүү жерге жетүүгө убакыт талап кылынган.

Рацека алачыгынын куткаруучулар тобу экиге бөлүнгөн. Үч куткаруучу дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө багыт алса, калган куткаруучулар башка жаранды эвакуациялоо иштерин улантышкан. Түнкү саат 00:00 чамасында куткаруучулар Электро чокусун көздөй издөө иштерине чыгышкан.

Издөө-куткаруу иштери 8-ноябрга караган түнү башталып, 8-ноябрь күнү бою улантылган. Издөө иштерин күчөтүү максатында 8-ноябрда кошумча куткаруу бөлүмдөрү тартылган. Ошондой эле издөө иштери тик учак, учуучу аппараттардын (дрондордун) жардамы менен улантылды.

9-ноябрда болжол менен саат 16:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан Электро чокусунун аймагынан 2011-жылы туулган жарандын сөөгү табылды. Алдын ала маалымат боюнча, жарандын денеси таштардын арасынан табылган. Алдын ала маалымат боюнча, өлүмдүн себеби дененин катуу үшүп кетиши болушу мүмкүн.
SEREP MEDIA