Шашылыш билдирүү: Аномалдуу ысык аба ырайынан кийин жаан катуу жаашы күтүлөт
Аномалдуу ысык аба-ырайынан кийин 10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрында Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт:
10-ноябрда күндүз мезгил-мезгили менен жаан, 11-ноябрда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоолуу райондоро жолдор тоңголок болот.
11-13-ноябрларда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, күндүз 2…7° жылуулукка чейин, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз 2…7° жылуулукка чейин, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -1…-6° суукка чейин, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7° суукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.