Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү 10-кичи райондо жайгашкан “111” барын бузуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бүгүнкү күнгө чейин Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан тиешелүү уруксат документтери жок 44 объект демонтаждалган.
Буга чейин аталган объект боюнча шаардык кызматтар сотторго доо арыз менен кайрылган.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын сот органдары муниципалдык бийлик органдарынын талаптарын канааттандырышты.