Ала-Бука - Кербен - Таш-Көмүр унаа жолунда сел жүрдү
Кечээ, 20-июнда саат 18:00дөр чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ала-Бука – Кербен - Таш-Көмүр унаа жолунун 25-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгин жууп кеткен. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Учурда каттам бар. Жеринде министрликтин №12 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Абал көзөмөлдө.
Учурда каттам бар. Жеринде министрликтин №12 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Абал көзөмөлдө.