Ала-букалык тургун атасынын арбагына багыштап көпүрө курду. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Ала-Бука районуна караштуу Айры-Там айылынын тургуну Талантбек Жумабаев атасынын арбагына багыштап, аш берүүнүн ордуна эки айылдын тургундарын байланыштырган көпүрө салып берди. Ал атасы Мамадалы Жумабаевдин ѳмүрүн эскерип, 400 миң сом сарптап, көпүрөнү өз эсебинен куруп элге пайдаланууга тапшырды. Бул иш-аракетке айыл эли терең ыраазычылык билдирип, ак баталарын беришти.
Көпүрө Айры-Там менен кошуна айылдын ортосундагы байланыштын негизги жолун түзөт. Буга чейин жамгыр жааганда же суу көбөйгөн учурда жашоочулар өтө албай, айрыкча жаш балдар менен кары-картаңдар кыйналышчу. Эми болсо көпүрө алардын коопсуздугун жана күнүмдүк тиричилигиндеги ыңгайлуулукту камсыздайт.