Кечээ, 26-мартта Биринчи Май райондук соту Биринчи Май акимчилигинин “Тынч чогулуштарды өткөрүү жерлерин чектөө жөнүндө” чечимин мыйзамдуу деп тапты. Ошентип, 30-июнга чейин борбор калаанын борбордук бөлүгүндө тынчтык митингдерди өткөрүүгө тыюу салынды.
Райондук администрация өз билдирүүсүндө Биринчи Май району борбордун борбордук бөлүгү болуп саналарын анда стратегиялык маанидеги объектилер: Жогорку Кеңеш жана Жогорку Сот жайгашканын, ошондой эле борбордук аянт бар экенин жүйө келтирген.
Буга байланыштуу акимчилик 1-апрелден 30-июнга чейин «Ала-Тоо» аянтында ар кандай тынчтык митингдерди өткөрүүгө тыюу салып, аларды Горький аянтына жылдырууну чечти. Мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларга гана уруксат берилет.