«Ала-Тоо» аянтындагы башкы балатынын чырагы 14-декабрда жандырылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Балатынын чырагын жандыруу аземи саат 18:30да болот. Мэриянын маалыматына караганда, быйыл «Ала-Тоо» аянтындагы сейилдөөчү аянт кеңейтилип, эс алуучу жайлар дагы түзүлдү. Балдар үчүн мастер-класстар жана муз тебүүчү аянтча уюштурулат. Мындан тышкары, тамак-аш зонасы болот.